Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

Ак-Сууда залкар жазуучу Ч.Айтматов эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-декабрда Ак-Суу районунда Ч.Айтматов атындагы райондук китепканада улуу жазуучунун туулган күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарада атайын бурч уюштурулуп, окурмандарга алп жазуучунун өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө кенен маалымат берилди. Окуучулар анын айрым чыгармалары боюнча ой бөлүшүп, талкуу жүргүзүштү.

Райондун жетекчилиги маалымдагандай, бул жумалыктын алкагында райондогу ар бир мектепте тарбиялык сааттар, адабий кечелер, тегерек столдор өткөрүлмөкчү. Бул күндөрү жазуучунун чыгармалары чагылдырылган сүрөт көргөзмөлөр уюштурулуп, рефераттар жазылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 873
Көп окулду
×