Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ак-суулук ветеринар Ш.Курмановду уйлар көргөндө качып жөнөшөт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын ардагери Шаршен Курманов көп жылдан бери мал догдур болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы мал чарба адисинен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал айылга 1993-жылы келген.

«Алгач көмүр шахтасында от жагып иштеп, 2 жылдан кийин бригадир болдум. Андан соң тоо мастери болуп, кийинки жылда шахтада өндүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектендим. Жалпысынан көмүр шахтасында 24 жыл иштедим. Кийин шахта иштебей калганда 2007-жылдан баштап айылда мал чарба адиси болуп калдым. Биздин айылда мал дарыгер жок болгон үчүн 2002-жылдан баштап атайын билим алып, айылда жарым штат менен ветеринар болуп иштечүмүн. Шахта жабылганда, толук ветеринардык кызматка өткөм. Мурда мал илеңине каршы дарылоо жылына бир гана жолу жасалчу. Азыр эки жолу жасалат. Болушунча ар бир мал менен иштөөгө аракет кылабыз. Ар кандай кырсыктарда жардам берем. Менин максатым - малдын ден соолугуна кам көрүү. Мал таза болсо, эл таза болот», - дейт ал.

Ал эми айылдаштары Шаршен Курмановду мал алыстан эле тааный турганын айтышты.

«Шаршен өзү да бакылдап катуу сүйлөйт. Үйдүн короосуна кирип келе жатканда эле кыйкырып сүйлөй баштайт. Кай бир уйлар ал короого киргенде башын жерге салып жатып алат. Ал эми кээ бири көчөдөн көрсө, качып жөнөшөт», - дейт айылдаштары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 833
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×