Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Теплоключенка айылындагы ички жолдор оңдолуп жатат

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп жол оңдолду. Бул тууралуу Теплоключенка айылынын башчысы Талант Көбөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жайында республикалык бюджеттен каржыланып, 4 км жол асфальтталды. Анын 3 км райондун борбору катары Теплоключенка айылында жасалса, 1 чакырымы Лесной айылында жасалган.

«Теплоключенка айылындагы Жаныбеков көчөсүндө 1 км жана Боромбай хан, Спорт көчөсүндө 2 км тилкеге астыңкы катмар жасалган. Жаз келери менен үстүңкү катмарын асфальттап бүтөбүз. Жолдорго жергиликтүү бюджеттен 450 миң сомдун тегерегинде акча каралып, электр мамылары жылдырылды. Жолдун астында темир бетон 9 көпүрө жасалды», - деди ал.

Андан тышкары, ички жолдорго жергиликтүү бюджеттен 2 млн 300 миң сомго шагыл-таштар төшөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 499
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×