Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Жыргалаңда малды идентификациялоо жүрүп жатат

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылында малды идентификациялоо жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, айылда 700 баш уй бар.

«Биздин айылда айдоо жер жок. Андыктан, элет эли мал чарбасы менен алектенишет. Малды идентификациялоо бизде 3 күндөн бери жүрүп жатат. Эми айылдагы ар бир уйдун кулагына биркалар тагылгандан кийин анын ээси катталып, мал жөнүндө толук маалымат базага кирет. Азыр суукка карабай иш жакшы жүрүүдө», - деп билдирди Т.Мукалаев.

Ветеринарлардын айтымында, учурда облуста идентификациялоо боюнча маалыматтык система түзүлүп жатат. Анда ар бар малдын өңү-түсүнө, жашына чейин маалымат камтылып, ден соолугу көзөмөлдө болот.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1098
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×