Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

«Азия MIX» командасындагы Кененсаровдор кичи мекени Шахта-Жыргалаң айылында болушту (фото)

Turmush -  «Азия Микс» командасынын оюнчулары Элдияр жана Эрмек Кененсаровдор кичи мекени болгон Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң айылында болуп кайтышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алар бир туугандары жана айылдаштары менен жолугушуп, Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын келечеги тууралуу ой бөлүштү. Жолугушууга айыл өкмөт башчысы Талган Мукалаев, «Дөргө көмүр» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын өкүлдөрү дагы келишти. Алар Жыргалаң өрөөнүндөгү көмүр шахталары иштебей турганын айтышып, айылды социалдык жактан өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.

Өз кезегинде КВНчилер жакынкы күндөрү Каракол шаарын жана Ак-Суу районун колдоого көмөк көрсөтүүчү социалдык фонд түзүү пландары бар экендигин билдиришти.

Учурда Кененсаровдордун 86 жаштагы чоң энеси Какен Кененсарова Шахта-Жыргалаң айылында жашайт. Ал райондун алгачкы ырчысы болгон.

Анын айтымында, жолдошу менен 50 жыл бирге жашап, 9 баланы тарбиялашкан. Жолдошу 42 жыл шахтада иштеген. Ал балдарын тарбиялоо менен бирге айылдагы маданий иш-чараларды дагы уюштуруп турган.

К.Кененсарова бир катар өздүк чыгармаларды да жараткан. Ал кезде кайын журтунан тартынып, элдин суранычы менен гана ырдачу. Азыр К.Кененсарованын уул-кыздарынын бары жогорку билим алышып, ар кыл кесиптерди аркалап келишет.

К.Кененсарова неберелери Элдияр жана Эрмек менен сыймыктанат. Алар «Азия MIX» шайырлар тобунда жүрүп, сахнада өз өнөрлөрүн көрсөтүп, чыгармачылык чөйрөгө аралашкан. Азыр деле К.Кененсарова өткөн күндөрү эстеп, ыр ырдап калат.

Ак-Суу районунун эң алыскы Шахта-Жыргалаң айылында кыш мезгили 8 айга созулуп, кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жетет. Айылда 200дөн ашык түтүн эл жашайт. Айыл райондун борборунан 60 чакырым алыс жайгашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, СССР маалында бардык азык-түлүктөр, чарба буюмдары айылга жеткирилип турчу. Жер алдынан кара алтын казып иштеген айыл элинин көпчүлүгү шахта иштебей калганда үйлөрүн сатып, көчүп кетишкен.

«Бул айылда жашоо кыйын, айдоо аянттары жок. Ошого карабай айыл элинин ынтымагы бекем. Акыркы үч жылдан бери элет элинин ынтымагы чыңдалып, айылда 9 жамаат түзүлдү. Жамааттар топ-топко бөлүнүп, өз ара фонддорун топтошот. Алдыңкы жамааттардын өздүк каражаттары 100 миң сомдой. Азыр тургундардын көпчүлүгү бул жерде туристтерди кабыл алуу мүмкүн экенин түшүнүп калышты», - дешет жергиликтүү тургундар.

Айыл аксакалы Касейин Калканбаевдин айтымында, айыл эли абдан ынтымактуу. Майрамдар жамааттардын биргелешүүсү менен уюшкандыкта белгиленет. Жамааттардын лидерлери шайланган. Алар ар бир айда жасаган иштери тууралуу отчет берип, аны менен катар айыл аймак башчысынан да отчет алышат.

Шахта-Жыргалаңда алгачкы үйлөр 1938-жылы курулса, кийин 1990-жылдары жаңы үйлөр курулган. Эки жылдан бери ФАП курулуп, айылдын ички түзүлүшү, калктын айрым көйгөйлөрү чечилүүдө. Айылдагы шахта туруктуу иштебей калганы көйгөй жаратып келет, дешет айыл тургундары.

Айыл аймактын башчысы Талгат Мукалаевдин маалыматына караганда, өрөөндө туризмди өнүктүрүү үчүн коомдук бирикме түзүлгөн. Анын ачылыш аземине АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Алан Мельцер да катышкан.

«Коомдук бирикме «Жыргалаң өрөөнү дестинациясы» деп аталып, аймактагы туризмди жандантуу багытында иш алып барат. Негизинен Жыргалаң аймагы тоолуу келип, кар калың жаап, кышкы лыжа сүйүүчүлөрү үчүн эң ыңгайлуу жер болуп эсептелет. Ошондуктан кышкы туризм аркылуу аймакты жандандыруу башкы максатыбыз», - деди Т.Мукалаев.

Тема боюнча:

28.08.2017Фото - Жыргалаң айылында чет элдик туристтердин катышуусунда жайкы фестиваль өттү
29.09.2017Ак-Суунун алыскы Жыргалаң айылы туризмди өнүктүрүү багытында 3 номинацияга ээ болду (фото)
27.11.2017Фото - Жыргалаңдын эли экс-президент А.Атамбаевди жубайы менен эс алууга чакырышты
08.02.2016Айыл турмушу: Ак-Суунун алгачкы ырчысы — 85 жаштагы К.Кененсарованын неберелери Элдияр менен Эрмек «Азия MIX» командасынын шайырлары (фото, видео)
24.04.2017Ысык-Көлдөгү шахтадан тирүү табылган К.Доргоев «Азия MIX» командасындагы Кененсаровдордун тууганы болот (фото)
31.10.2017Жыргалаңда КВНчи Кененсаровдордун чоң энеси спорттук аянтчанын ачылышына катышты (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14109
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×