Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Сууда медкызматкерлер арасында сынак өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында сынак өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынакка Ак-Суу райондук аймактык оорукананын, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, райондук санэпидкөзөмөл борборунун, райондук тиш дарылоо байтапканасынын кызматкерлери катышты. Аларга Ыйман, адеп жана маданият жылына карата сценкалар, СПИД илдети боюнча суроолор, музыкалык номурлар боюнча тапшырмалар берилген. Сынактын жыйынтыгында 1-орунга «Терапия жана төрөт үйү» командасы ээ болсо, 2 -орунду «Хирургия жана реанимация бөлүмү» командасы, 3-орунду «Үй бүлөлүк дарыгерлер борбору» командасы алды.

Жеңүүчүлөр райондук администрациянын дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чара өкүлчүлүк СПИДге каршы күрөшүү боюнча жарыялаган бир айлыктын алкагында өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 659
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×