Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тепке айылында ФАП ачылды

Turmush -  Бүгүн, 1-декабрда Ак-Суу районунун Тепке айылында фельдшердик-акушердик пункт ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Жусуп Осмонбаев билдирди.

Анын айтымында, ФАПтын курулушу Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланды. Имараттын курулушуна жана ичиндеги жабдыктарына 4 млн сом сарпталган.

Мекеменин жетекчиси Асел Дыйканова эски ФАПтын имараты 1970-жылы салынганын билдирди.

«Жаңы имарат бардык шарты менен жасалган. Эми ичи жылуу, таза имаратта иштейбиз де кубанып турабыз. Айылыбызда 1200 адам бар. Анын ичинде 14 жашка чейинкилердин саны 458. Айылда кан басымы көтөрүлгөндөр, кант диабетине чалдыккандар бар», - деди ал.

Мекемеге бул айылда 31 жыл ФАПтын жетекчиси болуп иштеген Тынчтык Баетованын ысымы ыйгарылды. Ал ФАПта 1967-1998-жылдары үзүрлүү эмгектенип, айылдык кеңештин депутаты да болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 455
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×