Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Ак-Сууда «Дүйнө баардыгы үчүн бир» иш-чарасы өттү

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылында «Дүйнө баардыгы үчүн бир» деген аталышта тажрыйба алмашуу семинары болуп, ага аким У.Дөкөнбаев, облустагы бардык райондун социалдык өнүгүү башкармалыктарынын адистери, райондун айыл өкмөттөрүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адистери жана социалдык кызматкерлер катышты.

Челпек айыл аймагынын социалдык кызматкери К.Мусуралиева айыл аймакта аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Анын айтуусунда, аталган айыл аймакта 7518 адам жашаса, анын 118и ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Бул күнү окуучуларга мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, аларга аяр мамиле кылуу боюнча ачык сабактар болуп, Искаков атындагы орто мектептин окуучулары Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Карт дарактын көз жашы» деген сценка коюп беришти. Ал эми ден соолугунан мүмкүнчүлүгү балдар концерт тартуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, жыйынтыгында аким У.Дөкөнбаев балдарга алып келген белектерин тапшырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1132
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×