Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.12.2017 11:04

Теплоключенкада жаңы 3 жол чырак коюлду

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы жолго 3 жол чырак коюлду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Талант Көбөнбаев билдирди.

«Кыргыз өкмөтүнүн атайын чыгарган токтомунун негизинде быйыл айылыбызга 3 жол чырак койдук. Өнүктүрүү фонду тарабынан заманбап 2 жол чырагы үчүн 1 миллион 58 миң сом которулуп, Ленин-Кыдыр аке жана Шапак баатыр менен Кыдыр аке көчөлөрүнүн кесилиштерине коюлду. Өз каражатыбыздан 140 миң сом бөлүнүп, дагы 1 жол чырагын койдук.

Бул көчөлөрдөн унаа көп өткөндүктөн жол эрежелерин бузуу фактысы көп болуп келген. Жол чырактардын коюлушу менен жол эрежелерин бузуу фактылары азайып жатат», - деди ал.

Теплоключенкада буга чейин 1 гана эски жол чырак иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×