Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Ак-Сууда алдыңкы фермерлер сыйланды

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында Кыргызстандын айыл чарбасынын уюшулгандыгынын 90 жылдыгы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы. Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, район жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, айыл жана суу чаба кызматкерлери, ветеринарлар катышты.

Иш-чарада айыл чарба товарларынын көргөзмөсү уюштурулуп, анда техникалар, айыл чарба продукциялары коюлду. Бул күнү райондогу алдыңкы фермерлерге, эмгек ардагерлерине ардак грамоталар берилип, ардактуу наамдар ыйгарылды.

Район акими Улан Дөкөнбаев бул иш-чара өтө чоң мааниге ээ экенин белгилеп: «Районубуз агрардык аймак болуп саналат. Учурда мал чарбасында эт, сүт багытындагы малды көбөйтүү, жер иштетүүдө элди сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу боюнча аракеттер жүрүп жатат», - деди.

Ак-Суу райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчасы Алдаярбек Бейшекеевдин айтуусунда, аталган райондо 54 айыл чарба-өндүрүштүк кооперативи, 6 асыл тукум чарбасы, 3 үрөнчүлүк чарба бар.

«Ак-Сууда быйылкы жыл жакшы жыйынтыкталды. Эгин, картошка өсүмдүктөр боюнча жылдагыдан түшүмдүүлүк жогору болду. Маселен, дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 28 центнерге айланды. Ал эми, картошка 197 центнерден болду. Бул башка райондорго салыштырмалуу бир типтеги жогорку репродукциядагы картошка үрөндөрүнүн себилгендигине байланыштуу», - деп белгиледи ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 476
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×