Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.11.2017 09:32

Отуз-Уул айылында көк бөрү ойноого шарт түзүлдү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Отуз-Уул айылында улак тартыш ойноого шарт түзүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Алардын айтымында, айылда көк бөрү ойноочу аянтчада тайказан орнотулуп, атайын шарттар түзүлдү. Тайказан орнотулгандыгына байланыштуу көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулуп, ага 9 команда катышты.

«Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Жолколот командасы ээлеп, 5 миң сом менен сыйланышты. Ал эми 2-орунду Маман командасы алып, 4 миң сом менен сыйланышты. 3-орунду Кереге-Таш жана Боз-Булуң командалары ээледи», - дешти уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×