Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.11.2017 10:31

Ак-суулук У.Садыров самбо боюнча облустук мелдеште эки жыл катары менен чемпион болду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун жаш балбаны эки жылдан бери биринчиликти колдон чыгарбай келет. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ак-Суу районунун Жаӊы-Арык айылындагы мектептин окуучусу Садыров Урмат самбо боюнча бардык мелдештерде биринчи орунду колдон чыгарбай келет. Ушул жылдын 20-22-ноябрында өткөн облустук мелдеште 38 килограмм салмактагы балбандар менен күрөшүп, алтын медаль тагынды.

Урмат 2016-жылы самбо боюнча КРнын чемпионатында атаандаштарын жеӊип, алтын уткан. Андан кийин Чүй облусунун Ленин айылында болгон эл аралык мелдеште 1-орунду камсыз кылып, чемпион аталган. У.Садыровду самбо боюнча КРнын спорт чебери, Уларбек Эсенов машыктырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×