Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

«Жеңеке»: Ислам динин кабыл алып, кыргызга келин болгон Еленага кайнатасы жаңы ысым ыйгарды (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 21 жаштагы Елена Тартунова. Ал Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында төрөлүп өскөн. Аймактык кабарчы кыргыз үй-бүлөгө келин болгон Еленадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал жолдошу Руслан менен Каракол шаарында мектепте окуп жүргөндө таанышкан.

«Алгач Руслан менен таанышканда эле анын адамгерчиликтүү экенин байкагам. Мен анын бул сапатын абдан баалайм. Экөөбүз алгач кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 2012-жылы баш коштук. Кыргыз жигитине турмушка чыгуума ата-энем каршы болгон жок. Жолдошумдун үй-бүлөсү дагы мени жакшы кабыл алды. Ошентип Жети-Өгүз районунун Дархан айылына келин болуп бардым. Жаңы келин болуп келгенде кайнатам мага Малика деген ысым ыйгарды. Ислам динин кабыл алып, кыргыз келини болуп калдым», - дейт ал.

Кыргыздын каада-салтын, үрп-адаттарын аздектеген Еленаны кайын журту «Елена прекрасная» деп аташат.

«Мен бозо, жармадан тышкары кыргыздын улуттук тамак-аштарынын бардыгын жасаганды өздөштүрдүм. Мени айыл элинин бары тааныйт жана улууларга жүгүнүп, сый көрсөткөнүм үчүн дайыма алкышка ээ болом. Жакшылык, жамандыкта башка келиндердей эле кызмат кылам», - дейт Елена.

Учурда жубайлардын Саид жана Алмаз аттуу эки уулу бар. Алар Кызыл-Суу айылындагы балдар бакчасында тарбияланышат. Ал эми өздөрү айылда чакан соода борборун ачып, жеке ишкерлик менен алектенүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7251
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×