
Таймашка райондогу мекеме-ишканалардын жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө.
Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы Улан Дөкөнбаев иш-чара Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өтүп жатканын айтып, «Кыз-жигит» сармерден оюну аркылуу кыргыз элинин салты, ыр-күүлөрү даңазаланып жатканын белгиледи.
«Бул оюн-зоок аркылуу мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин өнөрлөрү жана таланттары ачылып, руханий эс алууга жакшы шарт түзүлүүдө», - дейт аким.
Таймашта кыргыз күүлөрү комуз, чоор, ооз комузда чертилип, ырлар, дастандар аткарылды. Макал-лакаптар, жаңылмач жана табышмактар айтылып, улуттук бийлер аткарылды. Катышуучуларга акимиат тарабынан баалуу белектер даярдалган.