Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тегизчил айылына биринчи жолу курулуп жаткан 2 кабаттуу бала бакчага 14,7 млн сом сарпталат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Тегизчил айылында 14 млн 700 миң сомго 2 кабаттуу бала бакча курулуп жатат.

«Тунук-Курулуш» ЖЧКнын башкы инженери Ырысбек Эсентуровдун айтымында, 60 балага ылайыкталган бала бакчанын имаратынын курулуш иштери 2015-жылдын апрель айында башталган.

«Бала бакча Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка курулуп жатат. 2015-жылдын апрель айында пайдубалы түптөлүп, объекттин курулуш иштери башталган. Учурда анын 95%ы бүткөрүлдү. Күн сууктаганча бала бакчанын аймагына балдар аянчасын куруу пландалууда», - деди ал.

Эки кабаттуу бала бакча аталган айылда алгачкы ирет курулуп жатат. Курулуш иштери жыйынтыкталгандан кийин эмеректер алынып келет.

«14 млн 700 миң сомго курулган имаратта өрт коопсуздугу, кошумча чыгуучу жайлар каралды. Ошондой эле, балдар аянтчасы, суу тазалоочу курулма, имараттын аймагын жакшыртуу жана тосуу, эмректер менен камсыз кылуу ишке ашырылат», - деди ал.

Ы.Эсентуров белгилегендей, бала бакча болжол менен 10-декабрда колдонууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 628
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×