Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Шал оорусун жеңген 25 жаштагы Бахтияр өзү дарыланган борбордо иштеп жатат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун 25 жаштагы тургуну Бахтияр Кимузаев балдардын шал оорусун калыбына келтирүү борборунда эмгектенип жатат. Ал кичинекей кезинде аталган борбордо дарыланганын аймактык кабарчыга айтып берди.

Б.Кимузаевдин айтымында, ал ымыркай кезинде шал оорусуна чалдыгып, бир жашка чыга электе аталган борбордо дарылана баштаган. 4-5 жашында гана балдак таянып, бутунун учтары менен баскан.

«Ата-энем дайыма ушул жерге дарыланууга алып келчү. Бир жылда эки жолу дарыланчу элек. Мындагы дарыгерлер мени кичинекей кезимден бери билишет. Бутумда дефект бар экенине карабай, кадимки көпчүлүк балдар окуган мектепте билим алып, аны ийгиликтүү аяктадым. Басканымды көрүп, балдар шылдың кылган күндөр да болду. Анын баары жүрөктө калды. Мектепте окуп жүргөндө кийин ушул борборго жумушка орношсом деп кыялданчу элем. Бул кыялымды орундатуу максатында массаж жасоо боюнча билим алып, андан соң медициналык окуу жайды аяктадым. Мен 2-топтогу майып болгондуктан эмгекке жарамдуу эместердин катарында элем. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине чейин барып, эмгекке жарамдуу экенимди далилдедим. Оорулумун деп отура бербей, башкаларга жардам берүүнү кыялданчумун. Бир жылдан бери бул борбордо кыймыл менен дарылоо боюнча инспектор болуп иштеп жатам. Кыялым орундалды. Көптөгөн ата-энелердин алкышын угууга да жетиштим», - деди Б.Кимузаев.

Ал аталган борбор анын жүрөгүнө жакын экенин белгиледи.

«Ушул жер мени дайыма өзүнө тартып турат. Бала кезден ушул борбордо жүргөндүктөн болсо керек деп ойлоп коём. Мен өзүмдү майып деп эсептебейм. 20 жашка чыкканда ата-энемден акча суроодон уялып, жумушка орношуунун жолдорун издеп баштадым. Дене мүчөсү соо туруп, ата-энесинен акча сураган жигит, кыздарды көрүп таң калам. Буту-колуң аман болгон соң иштеш керек деп ойлойм. Менин бутума турушума себепкер болгон бул борбордун жетекчиси Байыш Бейшенбиевге чоң ыраазычылык билдирем», - дейт ал.

25 жаштагы Бахтияр Кимузаев түшүнүктүү кызга жолугуп, үй-бүлө курууну кыялданат.

«Мени түшүнгөн кыз жолугабы билбейм. Балким багыма бирөө тургандыр. Кыздар менен интернеттен таанышсам эле, "автоунааң, жумушуң барбы?" деп сурашат. Кудайга шүгүр, турмушубуз жаман эмес. Бирок мен акыркы жолу сүйлөшкөн кыз “машинаң барбы?” деп сурганынан, атамдын тракторун сүрөткө тартып салып жибергем. Ал кыз мага ошол бойдон кат жазбай калды», - деди Бахтияр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3027
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×