Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 22.11.2017 10:46

Ак-Сууда үй-бүлөлөр арасында спорттук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кечээ, 21-ноябрда «Мыкты спорттук үй-бүлө-2017» аттуу эстафеталык оюдар боюнча таймаш өткөрүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, таймашка райондун ар кайсы аймактарынан келишкен «Береке», «Ак илбирс», «Киров», «Ак шумкар» командалары катышты. Командалар чабандес жарыш, топ көтөрүп чуркоо, жаздык чабыш, топ элөө, обруч менен жарышуу, кап менен секирүү, аркан тартыш боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Береке» командасы, 2-орунду «Ак илбирс» командасы, 3-орунду «Киров» командасы ээлеп, «Ак шумкар» командасы 4 орунга татыды. Жеңүүчүлөр акимиаттын ыраазычылык баракчалары, баалуу белектери жана облустук жаштар, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн тиешелүү даражадагы дипломдору менен сыйланышты.

Таймаш М.Мамакеев атындагы инновациялык мектеп гимназиясынын базасында өткөрүлдү.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×