Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.11.2017 17:19

Ак-Сууда балдардын шал оорусун калыбына келтирүү борборуна кезек күткөндөр көп, - директор

Turmush -  Ак-Суу районундагы балдардын шал оорусун реабилитациялоо борборуна кышкы каникулда дарылануу үчүн кезек күткөндөр көп. Бул тууралуу аталган борбордун башчысы Байышбек Бейшенбаев билдирди.

Анын айтуусунда, мурда борбор республикалык болсо, 2000-жылдан бери облустук бириккен ооруканасына карап келет. Анда учурда 130 бала дарыланууда. Мында жакшы баса албаган, сүйлөй албаган балдар Кыргызстандын бардык аймактарынан келишет. Борбордо жалпысынан 85 кызматкер эмгектенет.

«Шал оорусу 1-2 жолу дарылаганда эле сакайып кетпейт. Аны дарылоо узакка созулат. Мындай ооруга кабылган балдардын ата-энелери үйдөн да дарылап келишет. Көп эмгектин арты менен баспаган балдар балдакка туруп, бул оорунун жеңил түрү менен жабыркагандар сакайып кетет. Балдар ар бир 6 айда бизге келип турат. Биз негизги суу аркылуу дарылайбыз. Суунун шал ооруларына даба болуу касиети Орто Азия боюнча күчтүү. Ошондуктан бул жер балдардын шал ооруларын дарылоо боюнча Кыргызстандагы жалгыз мекеме болуп саналат, - деди ал.

Б.Бейшенбаев белгилегендей, имарат 1885-жылы салынган.

«СССР тараганда койкалар кыскарып, 205 койкадан 50 койка калган. 2012-жылы 20 жыл каралбай турган имаратка президентибиз баш болуп көңүл бөлүп, имараттар капиталдык оңдоодон өтүп, эми заманбап технологияларды колдонууга жетиштик. Мекемеде балдардын шал ооруларынын дүйнөлүк методикасын үйрөтүү боюнча иш жүрүп, Кыргызстандагы бардык реабилитациялык борборлордон 25 киши билим алып кетти. Бул жерге ЮНИСЕФтен, министрликтен өкүлдөр келишип, республикадагы методикалык борборго айландык», - деди борбордун башчысы.

Анын айтымында, былтыр борбордо 2224 бала дарыланган. Бүгүнкү күндө реабилитациялык бөлүм 100 койкадан турса дагы кезек күткөндөрдүн саны көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×