Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

Ак-Сууда каттоодо турган окуучулар реабилитациялык борбордогу балдардын жашоосу менен таанышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-ноябрда Ак-Суу районундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборунда тарбиялык иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү Айзада Иманкулованын айтымында, иш-чаранын максаты профилактикалык каттоодо турган балдарды борбордогу балдардын турмушу менен тааныштыруу, тартип бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

«Бүгүн ШИИБдин жаза аткаруу инспекциясы ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен профилактикалык каттоодо турган өспүрүмдөр арасында тарбиялык иш-чара жүргүзүп жатабыз. Мында балдар майып адамдарга кайрымдуу мамиле жасоону үйрөнүп, жашоого болгон көз карашы өзгөрүлөт деп ойлойбуз. Азыр балдар ар кайсы бөлмөлөргө бөлүнүп, балдар кандай ооруну башынан өткөрүп жатканын көрүп жатышат. Себеби, учурда билим берүү мекемелеринин арасында топтошуп мушташуу, тартип бузуу көп болууда. Мындай профилактикалык иштер түшүндүрүү иштери менен бирге болот», - деди ал.

Анын айтымында, Каракол шаарында 70 өспүрүм профилактикалык каттоодо турса, анын 56сы мектеп окуучулары. Иш-чаранын соңунда реабилитациялык борбордун балдарына суусундуктар жана таттуулар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1526
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:49,   19.04.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×