Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Суунун Сары-Камыш айылында ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Камыш айылында жаңы ФАП ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, курулушка Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонду тарабынан 7,5 миллион сом акча каражат жумшалып, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан жылытуу системасы үчүн 750 миң сом жумшалган. Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом бөлүнгөн.

Жаңы ФАПка аталган айылда көп жыл үзүрлүү эмгектенип, элдин саламаттыгы үчүн кам көрүп келген Роза Курманжанованын аты ыйгарылды. Ал айылда 34 жыл иштеп, эс алууга чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 991
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×