Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

Фото - Алыскы Жыргалаң айылына биринчи кар жаады

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылына эки күн мурун биринчи кар жаады. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Талгат Мукалаев билдирди.

Анын айтымында, айылга октябрь айынан баштап эле кар жаайт.

«Быйыл кыш кечирээк келди. Бул биз үчүн жакшы болду. Себеби жергиликтүү тургундар үйлөрүн кышка даярдап, көмүр түшүрүп алышты. Алар жакындарын конокко чакырып алууга да жетишти. Анткени ноябрь айынан баштап бул аймакка келүү кыйын болуп калат. Бирок кар аз жаады», - деди ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Шахта-Жыргалаң айылында кыш мезгили 4-5 ай эмес 8 айга чейин уланат. Бул жерге сентябрь айында эле кар түшүп, толугу менен май айында ээрийт.

«Айылдын жашоочулары облустун ар кайсыл райондорунан көчүп келишкен. Ага карабай баары ынтымактуу. Ар бир көйгөй жана жетишкен ийгиликтер айылдыктарга белгилүү. Жакында эле ич ара тартип киргизип, спирт ичимдиктерин саткан жана ичкен жарандарга айып пул салып жатабыз. Бул боюнча чогулуштар өткөрүлүп, аракечтерди 15 күнгө камап жатабыз», - деп билдиришти айыл тургундары.

 

Тема боюнча:

10.03.2016Айыл турмушу: Ак-Суунун Шахта-Жыргалаң айылында кыш мезгили 8 айга уланат (фото)
27.10.2016Фоторепортаж - Жыргалаңга калың кар жаады
07.02.2017Фото - Кардын калыңдыгы 1 метрге жеткен алыскы Шахта-Жыргалаң айылындагы жашоо
29.05.2017Айыл турмушу: Жыргалаң өрөөнүнө чакан үй курган Ж.Бекбоева европалык туристтерди кабыл алууда (фото)
28.08.2017Фото - Жыргалаң айылында чет элдик туристтердин катышуусунда жайкы фестиваль өттү
04.09.2017Фото - Жыргалаңдагы фестивалда чет элдиктерди тамшанткан чымчыма тамагы кантип жасалат?
29.09.2017Ак-Суунун алыскы Жыргалаң айылы туризмди өнүктүрүү багытында 3 номинацияга ээ болду (фото)
31.10.2017Жыргалаңда КВНчи Кененсаровдордун чоң энеси спорттук аянтчанын ачылышына катышты (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1386
Көп окулду
×