Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

Ак-Сууда 2 кыз жабыр тарткан жол кырсыктын чоо-жайы такталды

Turmush -  Ак-Суу районунда эки кыз жабыр тарткан жол кырсыктын чоо-жайы такталды.

Буга чейин маалымдалгандай, жол кырсык 2-ноябрда саат 18:00 чамасында Кереге-Таш айылынын аймагында болгон. Анын кесепетинен Чок-Тал айылынын 1996-жылы туулган тургуну Ш.Б. жана Ак-Булуң айылынын 1994-жылы туулган тургуну М.Н. жабыркап, ооруканага жеткирилген. Айрым маалыматтарга караганда, 23 жаштагы кыз 9 айлык кош бойлуу болгон.

Такталган маалыматтар боюнча, жол кырсык Каракол—Эңилчек унаа жолунун 14-чакырымында катталган. «Хонда Одиссей» унаасын Ак-Булуң айылынын 1992-жылы туулган тургуну С.Намыс башкарып бара жаткан. Ал эми, «Мицубиси Лансер» унаасын Качыбек айылынын 1987-жылы туулган тургуну Ж.Исман башкарып жүргөн. «Хонда» унаасынын айдоочусу жүргүнчүлөрдү жолдун боюна түшүрүп коюп, жолго чыгып бара жатканда аркасынан «Мицубиси» унаасы сүзгөн. Ал алдында келе жаткан унаадан ашып, карама-каршы келе жаткан «Хонданы» сүзгөн.

«Хонда» унаасындагы жүргүнчү — 1994-жылы туулган М.Нургүл жабыр тартып, ооруканага жеткирилген. Дагы бир жүргүнчү —1957-жылы туулган К.Фарида жабыр тарткан эмес. Айдоочу жана жүргүнчүлөр бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. «Мицубиси» унаасындагы жүргүнчүлөр — 1996-жылы туулган Ш.Бурулкан жана 1992-жылы туулган Х.Гулназ ооруканага жеткирилген. Эки кыз тең Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылынын тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1457
Көп окулду
×