Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Акыркы суткада өлкө аймагында 28 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы суткада республиканын аймагында 28 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 32 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.  

Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылында 145 чарчы метр сарай толугу менен, 1 миң түк чөп жана 500 кг саман өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.  

Ошондой эле, Жалал-Абаддагы Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Жерге-Тал айылында сарайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен 200 чарчы метр чатыры, бастырманын чатыры, 2 миң 700 түк чөп күйгөн.





Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 830
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×