Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Ак-Суунун Качыбек айылында жаңы мектеп, бала бакча, таза суу чыгарган объект жана жол ачылды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнө караштуу Качыбек айылында жаңы мектеп, бала бакча, таза суу менен камсыздоо объектиси жана курулуп бүткөн жолдун ачылышы болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ачылыш аземге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, район акими Улан Дөкөнбаев, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, Ак-Суу районунун айыл өкмөт башчылары, куруучулар жана тургундар катышты. Андан соң алар айылдагы жаңы салынып бүткөн 2 чакырым жолдун курулушу менен таанышып чыгышты.

Аталган айылда жаңы ачылган бала бакчанын эски имаратын калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен 1 миллион 745 миң сом бөлүнгөн. Бул бакча 50 орунга ылайыкталган. Айылда жаңы ачылган мектеп Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен 54 миллион сом каражатка салынган. 240 орунга эсептелген мектептин курулушу 7 жылга созулду.

Ушул эле күнү жетекчилер Качыбек айылындагы №11 жол тейлөө ишканасы тарабынан 11,5 миллион сомго салынган 2 чакырым жолду көрүп чыгышты. Ал эми, таза суу айылга «Жергиликтүү деңгээлде кызматтарды жакшыртуу» долбоору аркылуу чыгарылган.

Мектептин ачылышында өкмөттүн өкүлү бир катар аксакалдарга «Кадырлуу эмгек каарманы» наамын, энелерге «Баатыр эне» медалдарын тапшырды. Ошондой эле, жаш жеткинчектерге билим берүүдө чоң салым кошкон бир катар мугалимдер, аталган курулуштун бүтүшүнө өз салымын кошкон куруучуларга сыйлыктар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1503
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×