
Айылдын башчысы Талгат Мукалаевдин айтымында, курулушка Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 2 млн 300 миң сом бөлүнгөн.
«Жыргалаң өрөөнү акыркы жылдарда туристтерди кызыктырып, эс алуу үчүн эң мыкты жерлердин катарын толуктап жатат. Биз эс алууга келгендер жана жергиликтүү тургундар үчүн жакшы шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Бул жерге футбол аянтчасы салынды. Балдар спорт менен машыгып жана жаман көрүнүштөрдөн алыс болот деп үмүттөнөбүз», - деди ал.
Спорттук аянтчанын ачылыш аземине Туризм департаментинин, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн, райондук администрациянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Спорттук аянтчанын кызыл тасмасын «Азия MIX» командасындагы Кененсаровдордун чоң энеси Какен Кененсарова кесип, каалоо-тилектерин айтты.