Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ак-суулук К.Гапаров карагаттын жаңы сортун өстүрүп, мол түшүм алды

Turmush -  Ак-Суу районунун тургуну Каныбек Гапаров карагаттын жаңы сортторун өстүрүп, ар бир түбүнөн 8-12 кг түшүм алат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

К.Гапаровдун айтымында, ал үч жылдан бери карагаттын жаӊы сортторун өстүрүп, анын аянтын көбөйтүүдө. Быйыл карагаттын ар бир түбүнөн 8-12 килограммдан түшүм алган.

«Бул карагаттар түшүмдүү болот экен. Эгерде бир гектар аянтка 3000 түп карагат отургузса, 21 тонна түшүм алууга болот. Орто эсеп менен бир килограммы 90 сомдон сатылса, 1 миллион 890 миң сом киреше түшөт. Быйыл карагаттын баасы 90 сомдон 140 сомго чейин сатылды», - деди К.Гапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1338
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×