Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 28.10.2017 00:44

Айыл турмушу: Россиядан окуган М.Аденов 4 жылдан бери альпинизм менен алектенет (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдүн кулуну Мирлан Аденов 4 көп жылдан бери альпинизм менен алектенет. Ал спорттун бул түрү кооптуу экендигине карабай, дайыма андан ырахат алып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен альпинизм боюнча Россиядан атайын 3 жыл окуп келгем. 4 жылдан бери ушул иш менен алектенип келем. Эң алгач 4 кабаттуу үйдѳн ишти баштадым. Анда анчалык деле коркунуч болгон жок. Себеби буга чейин Казакстанда 3-4 кабаттуу үйлѳргѳ терезе, айнек салып иштечүмүн. Мен бул иш менен алектенгениме сыймыктанам. Чынында мындай жумуш оор жана кооптуу. Биздин ѳмүр асылып турган арканыбызга кѳз каранды, кокустук болуп кичинекей нерсеге тилинип кетсе эле, учуп кетишибиз мүмкүн.

Мисалы, терезе жууй турган болсок өзүбүз менен чогуу 10 кг салмактагы жүк кѳтѳрүп чыгабыз. Канчалык бийиктикке чыксаң, ошончолук сууну толтуруп алганга аракет кыласың. Анткени суу аягына жетпей калышы да мүмкүн. Аябай кир болуп калса да, ортодон токтоп алмаштырууга туура келет. Алдыбызда ар дайым коопсуздук үчүн бир адам болот. Бизден кокус бир нерсе түшүп кетсе тосуп турат. Сууң кирдеп калганда да ошол киши алмаштырып берет. Кызмат акыбыз ар кандай, сүйлѳшкѳнүбүзгѳ жараша», - деди ал.

Ал бул кесибинин арты менен кѳптѳгѳн сыйлыктарды алган.

«Мен үй-бүлѳлүүмүн, 1 уулдун атасы болом. 1980-жылы Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунда тѳрѳлгѳм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×