Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 24.10.2017 18:01

Ак-Сууда 9 айда 4 адам альвеококкоз оорусуна чалдыкты

Turmush -  Ак-Суу районунда 9 айдын ичинде 2 адам эхинококкоз жана 4 адам альвеококкоз ооруларына чалдыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук санэпидемстанция борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы мындай ооруларга чалдыккан адамдардын саны кыскарды. 2016-жылы 6 адам эхинококкоз, 4 адам альвеококкоз менен катталган.

«Мындай оорулардан жабыркаган адамдар хирургиялык жол менен гана айыгат. Бейтаптардын 10%дан ашыгы кайрадан операция жасатууга муктаж болот. Алардын үчтөн биринде оору татаалдашып, көпчүлүгү майып болуп калат», - дешти адистер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×