Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.10.2017 10:45

Айыл турмушу: Ак-суулук Г.Чыныбаева жасаган куруттарын чет өлкөлөрдөгү мекендештерге жөнөтөт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургуну Гүлсара Чыныбаева сүт азыктарын кайра иштетүү менен киреше табат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Г.Чыныбаеванын айтымында, ал жергиликтүүлөрдөн 15 сомдон сүт алып, аны тартып, каймагынын бир литрин 200 сомдон сатат. Тартылган сүттү айран уютуп, андан сүзмө жана курут жасап, атайын аппаратта кургатат. Андан соң даяр болгон куруттарды Каракол шаарындагы дүкөндөргө килограммын 200 сомдон өткөрөт. Кургатуучу атайын жабдыкты долбоор аркылуу утуп алган. Аны менен чарбасындагы алма-өрүктөрдү да кургатат.

«Айыл жергесинде жумуш жокко эсе. Ошондуктан таза жер-жемиш, сүт азыктарын кайра иштетебиз. Жайында өрүк кургатып, ал эми күздө алма, алмурутту таза жууп, сөңгөктөрүн алып кургатабыз. 1 кг алмадан 200 грамм как алууга болот. Бир кап как 3 миң сомго сатылат. Мындан тышкары мен жасаган куруттар таза, даамдуу болгондуктан аны туруктуу кардарларым алып кетишет. Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз мага буйрутма беришет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×