Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 02.10.2017 13:52

Айыл турмушу: Ак-Суудагы мал чарбада АКШдан алынган 1,5 тонналык уйлар багылат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айылындагы «Рейна-Кенч» фермерлик чарбасында салмагы 1,5 тоннага жеткен абердин-ангус породасындагы уйлар багылат.

Чарбанын башчысы А.Жаныбековдун айтымында, 2013-жылы АКШнын Монтана штатынан абердин-ангус породасындагы 100 баш музоо жана 4 торпок алып келинген.

«Бул породадагы уйлар 14-16 айда 500 килограмм салмакка чейин жетет. 2015-жылдын февраль айында туулган музоонун салмагы 26 кг, бою 87 см болчу. Ошентип, атайын журналга биринчи музоонун тарыхы түшүрүлгөн. Биз Америкадан алып келген уйдун биринчи төлбашы ургаачы болду. Башкасына ат койбосок да, төлбашыга ат коюлушу керек эле. Ойлонуп, жума күнү туулган үчүн атын Жумагүл деп койдум. Анын атасы да, энеси да, таза кандуу адал ушул породадан. Булар өтө жоош болушат. Жумагүл азыр эки жаштан ашты», - деди чарбанын жетекчиси.

Анын айтуусунда, аталган чарбада андан бери абердин-ангусс породасындагы ири мүйүздүү малдын санын көбөйтүү боюнча иштер ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.

«Уйдун бул түрү салмагы жагынан гана айырмаланбастан эти жагынан да артыкчылыкка ээ. Анын эти нык, тогумдуу жана даамдуу болот. Бул эт мрамордук эт деп аталып, дүйнө жүзүндө жогору бааланып келет. Бүгүнкү күндө чарбада аталган уйдун 200дөй башы өстүрүлүп жатат», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×