Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.09.2017 10:42

Ак-Сууда президенттик шайлоодо үгүт иштерин мыйзамдуу жүргүзүү боюнча меморандумга кол коюлду (фото)

Turmush -  Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн уюштуруусунда жыйын өтүп, анда саясий партиялардын штабдары арасында мыйзамдуулукту сактоо боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, бул жыйынга КСДП, «Ак Шумкар», «Өнүгүү-Прогресс», «Республика – Ата Журт» саясый партияларынын штабдарынын жетекчилери катышып, 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо үгүт эрежелерин так сактоо, атаандаштарын сыйлоо, шайлоочулардын добушун сатып албоо, мыйзам чегинде иш алып баруу боюнча макулдашышты.

Жыйында аталган райондун шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү ар бир атуул өзү каалаган талапкерлерге карата үгүт ишин жүргүзүүгө укуктуу экенин айтса, РИИБдин башчысы А.Сааданов үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзамдын чегинен чыкпай, талапкерлердин баркын кетирбей, жарандарга сылык-сыпайы мамиле жасоону өтүндү. Ал ошондой эле, үгүт иштерин күндүзү жүргүзүп, колдоруна кайсы бир партиянын үгүтчүсү экенин аныктаган документ алып алса жакшы болорун эскертти. Мындан тышкары, А.Сааданов өлкө аймагында шайлоо өнөктүгүндө кээ бир адамдар үгүтчүлөрдүн атына жамынып, жарандардын үйүнө кирип, аларды алдоо менен тоноо иштерин жүргүзгөн фактылар да болуп келгенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×