Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 05.09.2017 11:15

Ак-Сууда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, 27 жаштагы жигит каза болду

Turmush -  Ак-Суу районунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, адам өмүрү кыйылды.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кечээ, 4-сентябрь күнү саат 18:05 чамасында Кара-Жал айылында «ГАЗ-53» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен оодарылган унаанын ичинде 5 адам бар болчу. Унаадагы 1990-жылы туулган И.Д. оор жаракат алып, көп узабай каза болгон.
4 адам жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×