Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 18.08.2017 11:30

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк дыйкан корейлердин ыкмасы менен күнөскана иштетип, бийиктиги 2 метрден ашык помидор өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Рысбек Жумабаев күнөсканада бийиктиги 2 метрден ашык помидорлорду өстүрүп, бир түбүнөн 5 килограммдан ашык түшүм алууда. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Р.Жумабаевдин айтымында, ал күнөсканадагы помидорлорун фосфор, йод, кант, марганцовка, перекис, уйдун сүтүн колдонуу менен өстүрөт.

«Бул тажрыйбаны Россиянын Нижный Новгород шаарында күнөскана иштеткен корейлерден үйрөнгөм. Ал жердеги күнөсканада 7 ай иштедим. Бул убакытта күнөскана курууну жана помидор өстүрүүнүн сырларын үйрөндүм. Помидордун үрөнүн дагы ошол жактан алып келгем. Табигый жол менен азыктандырган помидорлор адамдын ден соолугуна пайдалуу. Анткени помидорду өстүрүүдө химиялык дары-дармек колдонулбайт», - дейт ал.

Р.Жумабаев белгилегендей, ал курган күнөскананын узундугу 24, туурасы 11 метр. Курулуш иштерине 50 миң сомдой каражат жумшаган. Сабагынын узундугу 2 метрден ашык болгон ачык кызыл түстөгү помидордун бир түбүнөн 5 килограммдан ашык түшүм алууга болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×