Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.08.2017 17:14

Ак-Сууда «КамАЗ» менен жеңил унаа кагышып, 3 адам жабыркаганы тастыкталган жок, - ОИИБ

Turmush -  Ак-Суу районундагы Орлиное айылына бара жаткан жолдо таш жүктөгөн «КамАЗ» менен жеңил унаа бет маңдай кагышып, 3 адам жабыркандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок, деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 11-августта Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Каракол–Раздольное унаа жолунун 14-чакырымында жүк ташуучу унаа менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-оперативдүү тобу Шахта-Жыргалаң айылынын 37 жаштагы тургуну Тариел Жамангулов «Супер-МАЗ-5516» унаасына таш жүктөп алып, батыштан чыгышты карай бет алганын аныкташкан. Жолдон айдоочу унааны башкара албай, жолдун четине чыккан унаа оодарылып кеткен. Андан унаага зыян келтирилген эмес.

Айдоочунун айтымында, ал өзү жана башкалар дагы жабыркаган жок жана медициналык жардам сурап кайрылган эмес. Аталган факт боюнча «Супер-МАЗ-5516» унаанын айдоочусуна протокол түзүлүп, айып пул салынган.

Буга чейин Ак-Суу районундагы Орлиное айылына бара жаткан жолдо таш жүктөгөн «КамАЗ» менен жеңил унаа бет маңдай кагышып, 3 адам ар кандай жаракаттарды алганы маалымдалган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×