Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.08.2017 09:30 На русском

Фото - Ак-Сууда таш жүктөгөн «КамАЗ» менен жеңил унаа кагышты

Turmush -  Ак-Суу районундагы Орлиное айылына бара жаткан жолдо таш жүктөгөн «КамАЗ» менен жеңил унаа бет маңдай кагышты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл тургуну Э.Кулетов билдирген маалымат боюнча, анын кесепетинен жүк ташуучу унаа капталынан кулап, ичиндеги 3 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Окуя кечээ, 11-августта саат 19:00 чамасында Жыргалаң суусунун жээгинде болуп, жеңил унаанын айдоочусу качып кетти. 

Орлиное айылына баруучу жолдун сапаты өтө жаман экенин айткан жергиликтүүлөр буга чейин бир катар тийиштүү органдарга кайрылган. Отрадное айылдык кеңешинин депутаты Э.Кулетов белгилегендей, бул аймактагы жол 2 айдан бери сүрүлө элек. Эми облус жетекчисине кайрылып, анда да чечилбесе борборго барабыз, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×