Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 01.08.2017 15:57

Ак-Суу районундагы 2 айыл өкмөттүн башчылары шайланды

Turmush -  Ак-Суу районундагы Кара-Жал жана Бөрү-Баш айыл өкмөттөрүнүн жаңы башчылары иштеп баштады. Аймактык шайлоо комиссиясы айылдык кеңештердин депутаттары талапкерлерге 20-июлда добуш бергенин билдирди.

Жыйынтыгында толук курамда чогулган Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаттары жалгыз талапкер Марат Өмүрбековду бир добуштан колдошкон.

Ал эми, Кара-Жал айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Сагын Бараканов 6 добушка, Алтынбек Асакеев 4 добушка жана Эрнис Аламанов 1 добушка ээ болушту. Көпчүлүк добуш топтогон С.Бараканов Кара-Жал айыл өкмөтүн жетектейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×