Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.07.2017 09:38

Айыл турмушу: Ак-суулук Калысбекти айылдаштары рок-музыкант Виктор Цойго окшоштурушат (видео)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 45 жаштагы тургуну Калысбек Шакиралиевди көргөндөр белгилүү рок-музыкант Виктор Цойго окшоштурушат.

К.Шакиралиев бала кезинен Виктор Цойдун чыгармаларына суктанып, аны кумир тутуп келгенин айтат. Мектепте окуп жүргөндө эле Юрий Шатуновдун жана Виктор Цойдун ырларын көп ырдачу. Орто билим алгандан кийин Эстонияда аскердик кызмат өтөп, айылына кайтып келген.

Айылдаштарынын айтымында, К.Шакиралиев Виктор Цойдун ырларын мыкты аткарат. Жада калса чачын дагы өмүр бою кумириникине окшоштуруп кырктырат. Анын дисктерин чогултуп, өмүр баянын жатка айтат.

Калыстын апасы Батыйкүл Кийикбаеванын айтымында, уулу белгилүү Цойдой ырчы болууну кыялданчу. Бирок, мектепти бүткөндөн кийин окуган эмес.

«Мен 6 балалуу болдум. Калыс балдарымдын экинчиси. Ал ырчы болгусу келгени менен аны окута алган жокмун. Күйөөм ичкиликке берилип, ажырашып кеткенбиз. Балдарымды жалгыз бактым. Калыс мага жардам берчү. Жалаң оор жумушта иштеп, алыскы Сары-Жаз өрөөнүндө, Сары-Камыш колхозунда иштедим. Балдарымдын үчөө каза болуп калды. Атам жамакчы болчу, Калыс таятасын тартканбы деп ойлойм. Мектепте белгилүү актер Митхунду туурап бийлечү. Азыр мени менен жашайт. Менин кан басымым жогору болуп, операция болгондуктан Караколдогу батирге көчүп келгем. Жанымда киши болбосо тепкичтен түшө албайм. Калыс үйлөнүп, келинчеги менен мамилелери келишпей калды. Мен ал кыялына жетпей калса да, анын бактылуу болушун тилейм», - дейт Б.Кийикбаева.

К.Шакиралиев

К.Шакиралиев гитара черткенди да үйрөнүп, көбүнчө Виктор Цойдун «Белый снег» деген ырын аткарат.

 В.Цой

ВЦ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×