Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.07.2017 10:47

Айыл турмушу: Сары-Жаз өрөөнүндө 80 жаштагы аксакал күн батареясын колдонуп, электр энергия алат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 80 жаштагы тургуну Урбай Искендеров 40 жылдан бери алыскы Сары-Жаз өрөөнүндө жашап келет.

Бир кезде Сары-Жазга миңген жылкысы жана мылтыгы менен келген аксакал азыркы тапта байыр алып, үй-жайлуу болуп, мал күткөнүн айтат.

«20 жылдан бери мал багам. 6 жыл колхоздун малын багып, планды ашыгы менен аткардым. Сары-Жазга алгач минген атым жана мылтыгым менен эле келгем. Азыр үй-жайлуу болдук. Учурда шайтан араба менен жерлерди кыдырып, дары чөп жыйнап, аларды туугандарыма берем. Өзүм өмүрүмдө бир дагы жолу дары ичкен эмесмин. Бул өрөөндүн абасы, суусу таза», - дейт аксакал.

Мындан тышкары, ал күн батареясын колдонуп, электр энергиясын алат. Союздан калган үналгысын угуп, өлкөдөгү жаңылыктардан кабардар болуп турат. Кечкисин дайыма китеп окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×