Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.07.2017 14:09

Айыл турмушу: Эки кесиптин ээси Руслан асыл тукум мал багуунун пайдасы тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылынын 33 жаштагы тургуну Руслан Осмонбаев асыл тукум мал багуу менен алектенет. Ал экономист жана юрист кесиптеринин ээси. Буга чейин малдын санын көбөйтүүгө аракет кылып келсе, учурдар асыл тукум мал багууга кызыкканын айтат.

«Азыр сүт багытындагы «өзгөчө» уйларды багып жатам. Анын өзгөчөлүгү бир сааганда 22 литрге чейин сүт бергенинде. Мисалы, мурда эң сүттүү делген уй 8 литр гана сүт берчү. Андай уйдан үчтү баккыча, бир асыл тукумдуу уй багуу пайдалуу экен. Малдын санына эмес сапатына көңүл буруп баштадым. Асыл тукумдуу малдын санын көбөйтүү үчүн жакында эт багытындагы абердин ангус породасындагы букаларды алып келдим. Алардын салмагы 500 кг чейин жетет. Буйруса таза кандуу малдын санын көбөйтүүнү пландап жатам.

Мындан тышкары, уяң жүрдүү меринос койлорун да багам. Бул койлордо австралиялык кочкордун каны бар. Ал эми меринос койлорунун ак жүнү дүйнө боюнча сапаты жагынан алдыда турат», - дейт ал.

Руслан Осмонбаев мал чарбадан тышкары айыл өкмөттө жооптуу катчы болуп эмгектенет. Учурда 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×