Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 20.07.2017 09:29

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк жаш дизайнер этно кийимдердин жаңы коллекциясын чыгарды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Шапак айылында жашаган жаш дизайнер Ынтымак Абдылдаев «Шамандар» аталышындагы этно кийимдердин жаңы коллекциясын чыгарды.

22 жаштагы Ы.Абдылдаев өзү кыялданган кесипке ээ болуу үчүн Бишкек шаарындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында билим алганын айтат.

«Кичинекей кезимде эле дизайнер болсом деген кыялым бар эле. Бул кесипке ээ болуу үчүн борбордогу Улуттук көркөм сүрөт академиясында билим алдым. Учурда кийимдердин коллекциясын даярдап, эл аралык сынактарга катышып жатам. Жакында эле «Шамандар» деп аталган этно кийимдердин коллекциясын чыгардым. Көчмөн элдин кийимдери жүндөн жана табигый кездемеден жасалды. Бул коллекциядагы кийимдерге кызыккандар дагы арбын. Күз мезгилинде Түркияда өтүүчү сынакка чакыруу алдым, учурда ага даярдык көрүп жатабыз», - деди жаш дизайнер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×