Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.07.2017 12:28

Сары-Жаз суусуна кулап кеткен депутаттын баласынын «Нива» унаасы табылды

Turmush -  Ак-Суу районундагы Сары-Жаз суусуна айдоочусу менен кулап кеткен «Нива» үлгүсүндөгү унаа табылды, деп билдиришти куткаруучулар.

Маалыматка караганда, суунун алдында жаткан унааны көргөн чек арачылар бүгүн, 14-июлда саат 08:00дөр чамасында куткаруу кызматына билдирүү жиберишкен.

«Суунун агымы катуу болгондуктан унаа чыгарыла элек. Бул боюнча кеңешме өткөрүлөт. Азырынча унаанын ичинде айдоочу бар же жок экени белгисиз», - дешти алар.

Буга чейин ӨКМден билдиришкендей, Сары-Жаз суусуна 11-июлда түнкү саат 00:20 чамасында айдоочу «Нива» үлгүсүндөгү унаасы менен кулап кеткен. Окуя Эңилчек—Эчкили-Таш жолунда болгон. Ал жерге куткаруучулар жөнөтүлгөн.

Кийинчерээк сууга агып кеткен жаран Каракол шаардык кеңешинин депутатынын уулу — 1982-жылы туулган М.Таалай экендиги аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×