Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.07.2017 13:11

Каракол шаарындагы депутаттын уулу Сары-Жаз суусуна унаасы менен кулап кетти

Turmush -  Ак-Суу районундагы Сары-Жаз суусуна 11-июлда түнкү саат 00:20 чамасында «Нива» үлгүсүндөгү унаасы менен кулап кеткен айдоочуну куткаруучулар издеп жатышат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Сууга агып кеткен жаран Каракол шаардык кеңешинин депутатынын уулу — 1982-жылы туулган М.Таалай экендиги аныкталды.

Буга чейин ӨКМден билдиришкендей, окуя Эңилчек—Эчкили-Таш унаа жолунда болгон. Унаа кулаган жерге 6 куткаруучу жөнөтүлгөн. Каракол шаарынан да 5 куткаруучу тартылып, издөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×