Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 06.07.2017 12:24

Каракол—Эңилчек жолунда жөө аялды унаа сүзүп кетти

Turmush -  Каракол—Эңилчек унаа жолунун 3-чакырымында жеңил унаа жөө аялды сүзүп кетти. Окуя бүгүн, 6-июлда саат 10:30-11:00 чамасында «Мерседес-Бенц 190» үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда болгонун патрулчулар Turmush басылмасынын кабарчысына билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучу аял Жолголот айылынын 35-40 жаштар чамасындагы тургуну. Ал Октябрь айыл өкмөтүнүн имаратына бара жаткан.

«Жабырлануучу аял жолду кесип, чуркап өтүп бара жатканда унаа сүзгөн. Учурда абалы жакшы, дарыгерлер текшерип жатат», - деп айтылат Ак-Суу РИИБдин Патрулдук милициясынын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×