Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.06.2017 18:08 На русском

Айыл турмушу: Ак-суулук Э.Осмоналиева гезиттен жасаган себеттерди 1500 сомго чейин баалайт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Отрадное айылынын 50 жаштагы тургуну Элмира Осмоналиева гезиттен себет жасап, сайма саюу менен алектенет. Анын эмгектери менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

«Алгач гезитти ороп, керектүү формага келтиргенден кийин лактап чыгам. Көбүнчө нан салгычтарга суроо-талап болот. Себеби мен жасаган себеттерге салынган нан эскирбей, катыбай жакшы сакталат. Себетти чынысы менен жасап берүүгө да буйрутма беришет», - дейт ал.

Чакан нан салгыч жасоо үчүн 20 чакты гезит керектелет. Себеттерди жасоого керектүү гезит жана башка буюмдарды базардан сатып алышат. Гезиттен жасалган себеттер учурда 300-1500 сомго чейин бааланып жатат.

Э.Осмоналиеванын бир туугандары да сайма сайып, ар кандай буюмдарды жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенип келишет. Бухгалтердик кесипке ээ болгон каарманыбыз 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×