Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 31.05.2017 10:42

Айыл турмушу: Америкалык Тейлор Теплоключенка айылындагы балдарга англис тилин үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  АКШнын Мичиган штатынан келген 25 жаштагы Тейлор Вилсон Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында балдарга англис тилин үйрөтүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Учурда Тейлор М.Мамакеев атындагы мектепте ыктыярчы болуп иштейт.

«Кыргыз балдарына англис тилин үйрөтүү оор болгон жок. Себеби, балдар абдан тырышчаак келип, билим алууга умтулат экен. Иштеп жатканыма 2 жыл болду», - деди ыктыярчы.

Тейлордун айтымында, анын апасы тамак-аш жасоо тармагында иштейт, атасы болсо укук коргоочу. Эки бир тууган, эжеси төрт баласы менен Мичиган штатында жашайт. Сүрөттү жакшы тартып, дизайн жасагандыктан ар кандай фестивалдарга активдүү катышып турат. Айрым фестивалдарды өзү уюштурат.

«Жергиликтүү тургундар абдан мейман дос экен. Тааныбаса деле үйүнө киргизип, сыйлагысы келет. Мен дагы ар түрдүү фестивалдарга катышып, кыргыз элинин маданияты менен терең таанышып жатам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×