Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Белгилүү жазуучу К.Жантөшевдин жээни Түптөгү окуучуларга музыка сабагын окутат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айылынын 21 жаштагы тургуну Урмат уулу Рамис Каракол шаарындагы Ыбырай Туманов атындагы музыкалык мектебинин аккордеон бөлүмүн аяктаган. Ал ошол эле окуу жайда аккордеон боюнча мугалим болуп иштеп калган.

Рамистин айтымында, ал кыргыз элинин белгилүү жазуучусу Касымалы Жантөшевдин жээни болгону үчүн сыймыктанат.

«Музыкалык мектепте мугалимдин эмгек акысы аз болгондуктан Ак-Суу районунун Зындан айылынан келген Улан Карымшаков, Бурма-Суу айылынан келген Талант Өмүркулов үчөөбүз тойлордо ырдап, тамадалык кылып, кошумча каражат табабыз. Ишемби, жекшемби күндөрү гана тойлорго барабыз», - деди Рамис.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1879
Көп окулду
×