Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 27.03.2017 16:18

Айыл турмушу: Ак-суулук Д.Эсенбаева дарылык касиети бар козу карындарды 7 миң сомдон сатат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын 63 жаштагы тургуну Даанакан Эсенбаева көп жылдан бери дары чөптөрдү жана козу карындарды сатат.

Д.Эсенбаеванын айтымында, айыл жеринде мал багуудан башка иш жок. Ал эми дыйканчылык кылууга үлүш жерлер жетишсиз. Мындан улам ал тоодон дары чөптөрдү жана козу карындарды чогултуп, сатып киреше таап келет.

«Жолдошум 1981-жылы полиартрит оорусуна чалдыкты. Өзүмдүн да муундарым ооруп калчу. Алгач укалоону үйрөндүм. Дары чөптөрдүн пайдасы тууралуу окуп, аларды кайнатып иче баштадык. Билинбей эле сакайып кеттик. Өзүбүз дарттан айыккандан кийин дары чөптөрдү чогултуп, башкаларга сунуштап баштадык. Дайыма чөптү кайнатып ичем. Ал бөйрөк, боор, өттү тазалайт. Эртең менен көнүгүүлөрдү жасайм. Бир нече баштык алып, бул аймактын барын жөө кыдырып чыгам. Бутум да оорубайт. Чөптүн 20дан ашык түрүн чогултам. Айылда дары чөптөрдүн түрү абдан көп. Кар эрип, жер көрүнө баштаганда эле тоону кыдыра баштайм. Биринчи эле эне жана кайын эне деген чөптү (мать и мачеха) терем. Дары чөптөр жөнүндө китептерди, журналдарды көп окуйм», - дейт ал.

Д.Эсенбаева белгилегендей, кургатылган чөптөрдү чет өлкөлүктөр дагы сатып алышууда.

«Козу карындарды корейлер, Австриядан келген коноктор сатып алып кетишет. Кургатылган козу карындын 1 килограммы эң кымбат дегенде 7 миң сомго чейин сатылат. Жыргалаңдын тоолорунда козу карындардын 10дон ашык түрү бар», - деп кошумчалады тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×