Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 21.03.2017 11:37

Ак-Сууда көк бөрү боюнча облустук мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда Нооруз майрамына карата 20-мартта көк бөрү боюнча облустук мелдеш өткөрүлүп, ага Түп жана Ак-Суу райондорунан 6 команда катышты.

Ак-Суу райондук жаштар иштери жана спорт комитетинин инструктору Кайрат Акелеевдин айтымында, мелдештин байге фонду 30 миң сом болуп, биринчи орунга 10 миң сом, экинчи орунга 5 миң сом, үчүнчү орунга 3,5 миң сом, 4-орунга 1,5 миң сом коюлган. Иш-чарага Ак-Чий айыл өкмөтү байге фондунан сырткары 5 миң сом берип, облустук спорт комитетинен диплом, кубоктор тапшырылды.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду «Түп» командасы, 2-орунду Совет айлынан «Аксай» командасы ээледи. Ал эми 3-орунга Кереге-Таш, 4-орунга Жолголот айылынын командалары татыктуу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×