Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 03.03.2017 11:16

Айыл турмушу: Ак-Сууда «Даңк» медалын жалгыз алган 77 жаштагы Т.Жанаманова азыркыга чейин мектепте эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын 77 жаштагы тургуну Турган Жанаманова азыр дагы М.Мамакеев атындагы мектепте эмгектенет.

Т.Жанаманова Билим берүүнүн мыктысы жана эмгек сиңирген мугалим болгон. Ал Ак-Суу району боюнча «Даңк» медалын алган жалгыз мугалим болуп саналат. Мугалим 1960-жылы Бишкек шаарындагы кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын тарых факультетин аяктаган. Окууну аяктаган соң түштүктө 5 жыл иштеп, андан бери ушул мектепте эмгектенип келет. Мугалим өзүнүн иш бөлмөсүн өзгөчө кылып жасалгалап алган.

Анын 3 баласы тең мамлекеттик кызматкер. Учурда мугалимдин 6 небереси, 3 чөбөрөсү бар. Чоң эне окуучуларынан тышкары үйдө небере-чөбөрөлөрүнө да тарыхты көп айтып берет.

Т.Жанаманова акыркы жылдары тарыхка көңүл бөлүнүп жатканына сүйүнөт. Бирок, окуучулар китептен алыстап, компьютерге жана интенетке ыктаганы кейитет. Учурда мугалим 9-классты жетектейт.

«Бош боло калсам эле китеп окуйм. Китепканага жаңы түшкөн китептерди эң биринчи мен алам. Абышкам көзүңдү аясаң боло деп айтып калат. Мен болсо китеп окуганды жакшы көрөм», - дейт мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×