Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.02.2017 08:22

Айыл турмушу: Ак-суулук тиш доктур Айзатбек элеттиктердин тишин эки эсе арзан дарылайт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Отрадное айылындагы тиш доктур Абдыбек уулу Айзатбек элет тургундарына шаарга караганда эки эсе арзан кызмат көрсөтөт.

Абдыбек уулу Айзатбек аскердик милдетин аткарып келгенден кийин Кара-Балта шаарындагы медициналык колледжди аяктап, Ак-Суу райондук тиш дарылоо бейтапканасына жумушка орношкон. Кийин аталган мекеменин жардамы менен Отрадное айылындагы ФАПта тиш дарылоо бөлүмүн ачып, учурда Отрадное, Шапак, Орлиновка айылдарынын тургундарына кызмат кылат. Мындан сырткары, ага Казыбек, Соколовка айылдарынан да кардарлар келет. Бул жерден кош бойлуу аялдардын жана 10 жашка чейинки жаш балдардын тиштери акысыз дарыланат.

«Ай сайын мектептерди кыдырып, окуучулардын тишин дарылайбыз. Майыптарга жеңилдиктер каралган. Кээде бейтаптар түнкүсүн келген учурлар болот. Аларга дарыларды беребиз», - деди дарыгер.

Шапак айылынын башчысы Адилет Апазов айылда тиш дарыгер жок болгондуктан бул бөлүм уюштурулганын билдирди.

«Айзатбек тишти сапаттуу дарылап, шаарга караганда арзан жасайт. Айылыбыз шаардан 30 чакырым алыс. Бир тишти дарылатууга шаарга барып келген акчасын кошкондо 1,5 миң сом кетет. Бул жерде 500 сомдун тегерегинде эле жасалат», - деди А.Апазов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×